09:29, 02 ноября 2021, 24.kg

Президент Жапаров шайлоону таза өткөрүү боюнча жарлык чыгарды

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров «28-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону эркин, таза жана ачык-айкын өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» жарлыкка кол койгонун басма сөз кызматы кабарлады.

Жарлыкта Министрлер кабинетин жана аймактардагы жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө шайлоону таза өткөрүү боюнча талаптар жазылган. Анда бардык талапкерлерге бирдей шарт түзүү жана мамлекеттик кызматкерлердин үгүт иштерине кийлигишүүсүнө тыюу салынган. Борбордук шайлоо комиссиясы жана бардык укук коргоо органдарына шайлоонун мыйзамдарына көзөмөл жүргүзүү тапшырылган. Жарлыктын толук мазмунун бул жактан окуңуз.

Айрым оппозициялык саясатчылар бийликчил партиялар бар экенин айтып, административдик ресурс колдонулушу мүмкүн экенин айтып жатышат.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Жогорку Кеңеш эми 90 депутаттан куралат, беш жылдык мөөнөткө шайланат. 90 депутаттын 54ү партиялык тизмеден, 36сы бир мандаттуу аймактардан шайланып келет. Шайлоодо ат салышуу үчүн 21 партия каттоодон өткөн.

Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18