16:03, 01 ноября 2021, 24.kg

Садыр Жапаров Глазгого менчик учак жалдап барды

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Шотландиянын Глазго шаарындагы Бириккен Улуттар Уюмунун климаттын өзгөрүшүнө арналган конференциясына менчик учак менен барды. Бул тууралуу «Азаттык» ишенимдүү булактарына шилтеп жазып чыкты.

Президенттин администрациясы кайсы жана канча каражатка, кимдин учагы жалданганы тууралуу азырынча расмий комментарий бере элек.

Мамлекет башчыны ташыган «ТУ-154» үлгүсүндөгү учак техникалык жактан эскирип, эл аралык талапка жооп бербегендиктен, коопсуздуктан улам аталган өлкө кондурбасын билдирген.

2019-жылы декабрда бул учак ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков Санкт-Петербург шаарынан кайтарда абага көтөрүлө албай калган. Жарандык авиация департаменти ага учактын техникалык абалы себеп болгонун билдирген. Натыйжада Жээнбеков баштаган кыргызстандык делегация каттамдык учак менен кайтып келген.

Кыргызстандын бийлик башчыларын ташыган «ТУ-154» учагы 1993-жылы чыгарылган.


Views
0
Views
Views
Views
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Происшествия
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18