14:55, 01 ноября 2021, 24.kg

COVID-19. Pfizer вакцинасы өлкөнүн баардык аймактарына жөнөтүлдү

2021-жылдын 27-октябрында Кыргызстанга глобалдык COVAX демилгесинин алкагында Pfizer тарабынан чыгарылган 250 миң дозалык вакцина келди. Бул тууралуу брифинг учурунда Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гульбара Ишенапысова айтып берди.

Анын айтымында, 30-октябрдан тарта бул вакцина Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун бардык убактылуу эмдөө борборлорунда, тактап айтканда, Аламүдүн, Сокулук жана Кант шаарларында жеткиликтүү. Ал эми 1-ноябрдан тарта республиканын бардык аймактарына акырындык менен жеткириле байтайт.

«Pfizer вакцинасын 18 жаштан жогорку бардык каалаган адамдар ала алышат, ал эми артыкчылыктуу топтор 65 жаштан жогору адамдар жана өнөкөт оорулары бар адамдар болуп саналат. Дозалардын ортосундагы интервал 21-28 күн», — деп кошумчалады Гульбара Ишенапысова.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18