09:20, 01 ноября 2021, 24.kg

Өзбекстандыктарга Россияда 15 күн каттоосуз жүрүүгө уруксат берилет

Өзбекстандын жарандарына Орусиянын аймагында 15 күн каттоосуз жүрүүгө уруксат берилет. Бул тууралуу Орусиянын Ички иштер министрлиги иштеп чыккан «Өзбекстан менен Орусиянын ортосундагы келишимди ратификациялоо жөнүндөгү» мыйзам долбоорунда жазылган.

Бүгүнкү күндө Орусиянын аймагында Кыргызстандын, Беларустун, Казакстандын, Тажикстандын жана Армениянын жарандары 15 күн каттоосуз жүрө алышат.

«Орусиялыктардын Өзбекстанда жана өзбекстандыктардын Орусияда жүрүүсү тууралуу» эки өлкө өкмөттөрүнүн ортосунда түзүлгөн бул келишимге 21-майда Москвада, 17-июнда Ташкентте кол коюлган. Анда ал бир өлкө жарандарынын экинчи өлкөдө жүрүүсүнө ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында иштелип чыкканы айтылган. «Макулдашуунун ишке ашуусу Орусия менен Өзбекстандын ортосундагы достук мамиленин мындан ары да өнүгүүсүнө түрткү болот», — жеп жазылган документте.

Буга чейин Москва Орусияга кирүүгө тыюу салынган 158 миң өзбекстандыкка «миграциялык мунапыс» бере турганы кабарланган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18