08:48, 01 ноября 2021, 24.kg

Бишкекте 1-ноябрдан баштап жол кире кымбаттайт

Бишкекте 1-ноябрдан баштап жүргүнчүлөр троллейбуска жана автобуска 11 сомдон, маршруттук кичи автобустарга 15 сомдон төлөшөт. Шаардык кеңеш 28-сентябрда ушундай токтом чыгарган.

Мэрия Бишкекте жүргүнчүлөрдү ташууга 1,5 миң автобус зарыл экенин билдирген. Сентябрдагы эсепте 75 автобус, 120 троллейбус бар.

Муниципалдык транспорттон тышкары «Шыдыр жол» ишканасынын 14 автобусу каттамга чыгат. «Эко Эл ташуу» компаниясы 210 автобус алып келген. Булардан тышкары 600дөн ашуун кичи автобус эл ташыйт.

Борбор калаада коомдук транспорттун тарифи акыркы жолу 2012-жылы көтөрүлгөн. Андан бери троллейбус менен автобустун акысы 8 сом, маршруттук кичи автобустардыкы 10 сом, кечки саат 9дан кийин 12 сом болчу. Пенсионерлер күндүз 5 сомдон төлөп келишкен.

Быйыл жайында маршруттук каттамдардын айдоочулары жол кирени көтөрүүнү талап кылып, бир канча күн иш таштаган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18