08:42, 01 ноября 2021, 24.kg

Садыр Жапаров Глазго шаарына келди

Садыр Жапаров 31-октябрда, Улуу Британия Королдугу жана Түндүк Ирландия Глазго шаарына иш сапары менен келди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчысынын учагы Глазго шаарындагы эл аралык аэропортко конуп, аны траптан Ханыша Елизавета II жана Улуу Британия өкмөтүнүн жогорку өкүлдөрү тосуп алды.

Эске салсак, мамлекет башчысы иш сапарынын алкагында БУУнун климаттын өзгөрүүсү жөнүндө алкактык конвенциясынын тараптарынын 26-конференциясына катышып жана дүйнө лидерлеринин саммитинде кайрылуу жасайт.

Ошондой эле, Жапаровдун чет өлкөлүк кесиптештери, эл аралык климаттык уюмдардын жана көп тараптуу өнүктүрүү банктардын жетекчилери менен жолугушуулары пландалган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18