08:31, 01 ноября 2021, 24.kg

COVID-19. Бир суткада 68 кишиден вирус аныкталып, 1 бейтап каза болду

Кыргызстанда 1-ноябрга карата коронавирус дагы 68 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында — 44, Ош шаарында — 4, Чүй облусунда — 2, Нарын облусунда — 1, Ысык-Көл облусунда — 13, Жалал-Абад облусунда — 3, Баткен облусунда — 1 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 70 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында — 48, Ош шаарында — 2, Чүй облусунда — 7, Ош облусунда — 3, Ысык-Көл облусунда — 4, Жалал-Абад облусунда — 6 бейтап айыгып чыкты», — деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде Бишкек шаарында бир бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 707 бейтап, амбулатордук түрдө 709 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 181 миң 327 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 175 миң 716 киши айыгып чыкса, 2 миң 672 адам каза болду.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18