13:59, 29 октября 2021, 24.kg

Садыр Жапаров ноябрь айында кайра Режеп Тайип Эрдоган менен жолугушууга барат

Садыр Жапаровдун ноябрь айында Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин 8-жыйынынын алкагында Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган менен жолугушуусу пландалууда. Бул тууралуу өлкө башчысынын маалымат кызматы билдирди.

Президент бүгүн Түркиянын Палаталар жана биржалар бирлигинин (TOВВ) президенти Мустафа Рыфат Хисаржыклыоглуну кабыл алды.

Президенттин басма сөз кызматынан маалымдашкандай, жолугушууда соода-экономикалык кызматташтыктын жана маанилүү долбоорлорду ишке ашыруунун актуалдуу маселелери талкууланды.

Жолугушуунун башында мамлекет башчысы Түркия Кыргызстан үчүн стратегиялык өнөктөш гана эмес, боордош мамлекет экендигин белгилеп, тараптар туура 30 жыл мурун түптөлгөн мамлекеттер аралык катнаштардын мыкты салттарын улантып жатканын кошумчалады.

Ал кыргыз-түрк саясий, соода-экономикалык жана инвестициялык чөйрөдөгү кызматташтыгы жаңы деңгээлге чыгарына үмүт артты.

Өз кезегинде ТОВВ президенти Рыфат Хисаржыклыоглу чакырууга ыраазычылык билдирип, мамлекет башчысына Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын жылуу саламын жолдоп жана Кыргызстанды эгемендүүлүктүн 30 жылдыгы менен куттуктады.

Рыфат Хисаржыклыоглу түркиялык инвесторлордун кызматташууга жогорку кызыгуусун жана Кыргызстанда долбоорлорду ишке ашырууга даярдыгын билдирди.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18