09:15, 29 октября 2021, 24.kg

COVID-19. Бир суткада 11 кишиден вирус аныкталып, 2 бейтап каза болду

Кыргызстанда 29-октябрга карата коронавирус дагы 116 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында — 54, Ош шаарында — 2, Чүй облусунда — 33, Ош облусунда — 3, Талас облусуна — 2, Нарын облусунда — 1, Ысык-Көл облусунда — 13, Жалал-Абад облусунда — 6, Баткен облусунда — 2 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 91 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында — 50, Ош шаарында — 2, Чүй облусунда — 22, Ош облусунда — 2, Талас облусунда — 2, Нарын облусунда — 1, Ысык-Көл облусунда — 11, Жалал-Абад облусунда — 1 бейтап айыгып чыкты», — деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде Бишкек шаарында жана Ысык-Көл облусунда бирден бейтап каза болду.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 1 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 6 миң 879 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 6 миң 787 медкызматкер айыгып чыкты.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 708 бейтап, амбулатордук түрдө 718 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 181 миң 105 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 175 миң 493 киши айыгып чыкса, 2 миң 666 адам каза болду.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18