Жазгуль МАСАЛИЕВА
14:54, 28 октября 2021, 24.kg

Ысык-Көлдө дайынсыз жоголгон 19 жаштагы кыз асынып алган абалда табылды

Ысык-Көлдө дайынсыз жоголгон 19 жаштагы кыз асынып алган абалда табылды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 26-октябрда Тоң райондук милициясына арыз менен 39 жаштагы Т.К. аттуу жаран кайрылган. Ал 19 жаштагы С.А. аттуу кызы Тоң районунун Эшперов айылынан чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын билдирген.

Дайынсыз жоголгон кызды табуу максатында ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлө башталган.

27-октябрь күнү саат 07:00дөр чамаларында Тоң райондук милициясына «Эклап» эс алуу жайынын көл жээгиндеги бастырмасынын алдында белгисиз кыздын асынып турган сөөгү табылгандыгы боюнча билдирүү келип түшкөн.

Тергөө ыкчам тобу окуя болгон жерге барган учурда асынып алган кыз дайынсыз жоголуп жаткан 19 жаштагы С.А. экендиги аныкталган. Сөөктү сырттан кароодо мойнундагы жиптин тагынан башка криминалдык тактар байкалган эмес.

Сөөк Тоң райондук ооруканасынын өлүкканасына жеткирилип, соттук-медициалык экспертиза дайындалган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18