11:38, 28 октября 2021, 24.kg

Сушиге уулангандардын саны 300дөн ашты

«Империя пиццы» кафесинин тамагына ууланганын айтып, ооруканага кайрылгандардын саны 28-октябрга карата 318 адамга жетти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

28-октябрга карата кайрылгандар 300дөн аштыө жетти. Кырктан ашууну жаш балдар. Тамакка ууланып кайрылгандардын 70 чамалуусу ооруканада, анын ичинен 21и балдар.

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы алардын абалы туруктуу деп бааланып жатканын кабарлады.

Уулангандар 23-октябрда «Империя пиццы» кафесинен тамак алып жегендер экени белгилүү болгон. Бишкек шаардык Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматы иликтөө жүрүп жаткан учурунда кафени убактылуу жапты. Лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгы чыга элек. Алдын ала жыйынтыктар 29-октябрда чыгары айтылды. Адамдардын жапырт уулануусунан кийин өлкөдөгү бардык коомдук тамактануучу жайлар текшерилери кабарланган.

Көзөмөл органдары мындай жайлар бизнес субъектиси болгондуктан текшерүү укугу чектелүү экенин айтып келишкен. 25-октябрда өкмөттүн 2018-жылы ишкердик субъектилерин текшерүүгө убактылуу салган тыюусу алынганы кабарланды.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18