10:09, 28 октября 2021, 24.kg

Кытай Тоолуу-Бадахшан автоном облусуна аскердик база курат

Тажик бийлиги Кытай Тоолуу-Бадахшан автоном облусуна аскердик база кура турганын, ага Тажикстандын күч түзүмдөрү ээлик кыларын билдирди.

27-октябрда өлкөнүн ички иштер министринин орун басары Абдурахмон Аламшозода парламентте сүйлөп, база автоном облустун Ишкашим районундагы Вахан айылына куруларын айтты.

Парламент депутаты Толибхон Азимзоданын айтымында, бул режимдик объект Тажикстандын Ички иштер министрлигине таандык болот. Базанын курулушу үчүн Кытайдан келе турган жабдуулар менен техникалык каражаттар үчүн бажы төлөмөдөрү алынбайт.

«Курулуштун бюджети 55 миллион кытай юаны деп бааланып жатат. Бул болжол менен 100 миллион сомони болот», — деди депутат.

2019-жылы Washington Post гезити жергиликтүү жашоочуларга жана ал жакта тартылган сүрөттөргө таянып, Тоолуу-Бадахшан автоном облусунун Мургаб районунда үч жылдан бери Кытайдын жашыруун базасы жайгашып келгенин жазган. Жергиликтүү тургундар америкалык журналисттерге ал жакта жүздөгөн кытайлык аскерлер жүргөнүн айтып беришкен.

Тажикстандын Тоолуу-Бадахшан автоном облусу Кытай жана Ооганстан менен чектешет.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18