17:49, 27 октября 2021, 24.kg

Министрлер кабинетинин төрагасы бай менен кедейлерди санап берди

Бүгүн, 27-октябрда, Жогорку Кеңештин отурумунда депутат Таабалды Тиллаев Кыргызстанды өнүктүрүү саясаты тууралуу сурады. Учурда парламентте 2022-жылга карата Республикалык бюджеттин долбоору каралып жатат.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өлкөнү өнүктүрүү саясаты так аныкталып бүткөнүн белгиледи.

«Кыргызстандын ченеми боюнча 200 миң бай үй-бүлө бар. Бир миллионго жакын орто катмар, 200 миң үй-бүлө кедей жашайт. Мындан кийин өкмөт колунда жоктогуларга түз жардам берет. 200 миңге жакын жакыр үй-бүлөнү, 200 миңдей майып жана жетим-жесирлерди багып алабыз. Ошондо өкмөт бир миллион элди багууну мойнуна алат. Калган орто катмар бирдиктүү салык, байлар өзүнчө тариф менен кымбатыраак төлөйт. Машиналарынын, үйлөрүнүн салыгын көбөйтөбүз. 1,2 миллион салык төлөөчү үй-бүлөнүн эсебинен 200 миң үй-бүлөнү тың багып алабыз», — деди Жапаров.

Аны менен катар ишкерлерге жеңилдетилген, пайызсыз насыялар берилип, машинаны от алдырып жүргүзгөндөн кийин салык сурай тургандай принцип сакталарын белгиледи.

Ошондой эле ал түрмөлөрдө жана ооруканалардагы шарттар да жакшыртыларын кошумчалады.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18