17:42, 27 октября 2021, 24.kg

Баткенде кыргыз-тажик сүйлөшүүлөрү өттү

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев менен Тажикстандын Согд облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджаббой Ахмадзода 27-октябрда жолугушту.

Ага кошуна эки өлкөнүн чектеш облустарынын күч түзүмдөрүнүн жетекчилери, райондордун акимдери катышты. Жыйын Баткен районунун Орто-Боз айылы менен Тажикстандын Хожъало айылына чектешкен Төрт-Көчө участогунда өткөндүгүн Баткен облустук бийлигинин маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууда чек арадагы соңку катталган окуялар жана чыңалунун алдын алуу боюнча макулдашуулар болду.

Эки облус башчысы жолугушуусунда мурдагы макулдашууга ылайык чек аралаш аймактарда шарттуу чек ара сызыгына жакын курулуш иштерин жүргүзбөө, эгерде мал-жандыктар чек арадан өтүп кетсе эки тарап тең кармабай, өз жерине кайтаруу, аткезчиликке бөгөт коюу боюнча эки өлкөнүн күч түзүмдөрү бирдикте иш-чараларды жүргүзүү жана суу бөлүштүрүү багытындагы макулдашуулардын аткарылышын көзөмөлдөө тууралуу макулдашууга кол коюлду.

Photo 233939

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18