17:34, 27 октября 2021, 24.kg

Анарбек Калматов Ырайым кылуу комиссиясынын жооптуу катчылыгына дайындалды

Анарбек Калматов президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү кызматынан бошотулуп, президенттик администрациянын Ырайым кылуу комиссиясынын жооптуу катчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу жарлыкка мамлекет башчы Садыр Жапаров кол койгонун президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Калматов экс-президент Сооронбай Жээнбековдун тушунда аталган комиссиянын жооптуу катчысы болуп иштеген. Ал президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү болуп 2021-жылдын 27-ноябрында дайындалган болчу.

Ырайым кылуу комиссиясынын буга чейинки жооптуу катчысы Таалайбек Апеновду соттолгон адамды ырайым алчулар тизмесине киргизүү үчүн 170 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалганын 18-октябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) маалымдаган. Аны президент Садыр Жапаров 26-октябрда кызматынан бошоткон. 

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18