14:33, 27 октября 2021, 24.kg

Баткенде кечкисин спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салынды

Баткен шаардык кеңеши 26-октябрдагы отурумунда шаардын аймагында кечки саат 21:00дөн эрте мененки саат 9:00гө чейин спирт ичимдиктерин сатууга чектөө киргизген токтом кабыл алды.

"Алкоголдун зыяндуу жактарын эске алуу менен коомдук тартипти сактоо максатында шаардык кеңештин депутаттары спирт ичимдиктерин сатууга чектөө киргизүү боюнча токтом кабыл алды",- деп айтылат билдирүүдө.

Мындай токтомду кабыл алууга Баткен шаардык ички иштер бөлүмүнүн кайрылуусу себеп болгон. Шаардык кеңеш акыркы убакта шаар аймагында майда кылмыштуулуктун саны өсүп, түнү көчө жарыктарынын өчүрүлүүсү да кошумча болуп жаткандан улам бул токтомду кабыл алганын билдирди.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18