08:59, 27 октября 2021, 24.kg

COVID-19. Бир суткада 124 кишиден вирус аныкталып, 3 бейтап каза болду

Кыргызстанда 27-октябрга карата коронавирус дагы 124 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында — 65, Чүй облусунда — 28, Талас облусуна — 4, Ысык-Көл облусунда — 13, Жалал-Абад облусунда — 10, Баткен облусунда — 4 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 106 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында — 52, Ош шаарында - 1, Чүй облусунда — 32, Ош облусунда - 4, Талас облусунда - 3, Ысык-Көл облусунда — 12, Жалал-Абад облусунда — 2 бейтап айыгып чыкты», — деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде Бишкек шаарында 2, Чүй облусунда бир бейтап каза болду.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 1 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 6 миң 877 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 6 миң 779 медкызматкер айыгып чыкты.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 688 бейтап, амбулатордук түрдө 692 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 180 миң 865 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 175 миң 302 киши айыгып чыкса, 2 миң 661 адам каза болду.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18