09:08, 26 октября 2021, 24.kg

Тажикстанда рубль кымбаттап, АКШ доллары арзандап жатат

Тажикстанда октябрдын башынан бери орус рублинин курсу бир аз өсүп, АКШ доллары тескерисинче арзандап жатат.

Тажик Улуттук банкынын 25-октябрдагы маалыматына ылайык, сомониге карата миң рублдин курсу 154 сомониден 160 сомониге чейин өссө, 1 АКШ долларынын баасы 11,31 сомониден 11,26 сомониге төмөндөгөн.

Душанбенин Танзила Чакалова аттуу тургуну бир нече ай мурда эле миң орус рублинин курсу 135-145 сомони болуп турганын билдирди. «Бүгүн Орусиядагы уулум жөнөткөн рублди жакшы курс менен алмаштырдым. Мен билгенден акыркы 1-2 жылдан бери рубль мынчалык жогору болгон эмес», деди ал.

Бирок рубль кунунун жогорулашы бардык эле тургундарды сүйүндүргөн жок. Алардын көбү азык-түлүк жана күйүүчү май кыйла кымбаттап кеткендиктен, курстун жогорулашы анчалык деле таасир этпегенин билдиришүүдө.

«Неберем Орусиядан ай сайын 10 миң сомониден салып турат. Бүгүн 60 сомониге көбүрөөк алдым. Бирок азыр базарда баалар өтө жогору болуп жатат, өзгөчө ундун баасы! Мындай шартта рублдин курсунун көтөрүлгөнүнөн эч кандай пайда болгон жок», — деди Душанбенин Мухтор Алимов аттуу тургуну.

Тажикстандын Улуттук банкы өлкөдө рублдин сомониге карата курсунун жогорулаганы боюнча комментарий бере элек. Талдоолчулардын айтымында, рублдин кымбатташы акыркы күндөрү дүйнөлүк базарда мунайдын баасы кескин жогорулап жатканына байланыштуу.

Бирок «Азия-Плюс» басылмасынын баяндамачысы Фозилжон Фатхуллоев рублдин курсунун жогорулашы убактылуу көрүнүш болуп, декабрда кайра түшүшү мүмкүн деп божомолдоодо.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18