15:34, 25 октября 2021, 24.kg

Тамактануучу жайларды текшерүүгө мораторий алынды

Кыргызстанда тамак-аш азыктарын өндүрүү жана жүгүртүү менен алектенген объектилерди текшерүүгө киргизилген мораторий алынды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Тамак-аш азыктарын өндүрүү жана жүгүртүү менен алектенген объектилерге байланыштуу жугуштуу оорулардын жана массалык уулануулардын алдын алуу, тамак-аш коопсуздугун жана эпизоотиялык бакубаттуулукту камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2018-жылы 17-декабрдагы «Ишкердик субъекттерин текшерүүгө убактылуу тыюу салуу (мораторий) киргизүү жөнүндө» токтомунун 1-пунктуна өзгөртүүлөр киргизилди.

Өзгөртүүгө ылайык, тамак-аш азыктарын (сактоо, ташуу, жүзөгө ашыруу) өндүрүү жана жүгүртүү менен алектенген объектилерде Кыргыз Республикасынын тамак аш коопсуздугу жаатындагы техникалык регламенттеринин жана башка ченемдик-укуктук актыларын талаптарын сакталышын текшерүүгө мораторий алынды.

Бишкектеги акыркы массалык ууланууга байланыштуу Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун адистери бүткүл республика боюнча жалпы тамактануучу жайларды текшерүүгө алышат.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18