09:28, 25 октября 2021, 24.kg

БШК спикер Талант Мамытовду талапкер катары каттоодон баш тартты

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин төрагасы, «Ынтымак» партиясы менен парламенттик шайлоого бара жаткан Талант Мамытовду талапкер кылып каттоодон баш тартты. Бул тууралуу «Азаттыкка» Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Абдыжапар Бекматов билдирди.

«Парламенттик шайлоого катышуу үчүн талапкерлигин койгон саясий мамлекеттик кызматты ээлеген адам кызматын өткөрүп бериш керек болчу. Талант Мамытов кызматын өткөрүп бербегендиктен, Боршайком жумушчу топтун сунушун колдоп, аны каттабоо чечимин кабыл алды», — деп билдирди Бекматов.

2021-жылы кабыл алынган шайлоо жөнүндөгү жаңы конституциялык мыйзамга ылайык шайлоого бараткан мамлекеттик кызматкерлер кызматтан кетиши керек.

Буга чейин Жогорку Кеңештин вице-спикери «Ишеним» партиясы менен шайлоого бараткан Нурбек Сыдыгалиев кызматын тапшырганы тууралуу билдирүү тараткан.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы «Азаттыкка» парламент төрагасы кызматын тапшырбай туруп шайлоого барса болот деп билдирген.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18