10:08, 22 октября 2021, 24.kg

Нефтетрейдерлер: Кыргызстанда бензин ноябрда 9-10 сомго чейин кымбаттайт

Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясы күйүүчү-майлоочу май рыногундагы олку-солку абалга байланыштуу «Азаттыкка» түшүндүрмө берип, бензин менен дизелдин баасы кымбатташы мүмкүн деген жоромолун бөлүштү.

Ассоциациянын президенти Канат Эшатов билдиргендей, сентябрдын башында кыргызстандык компаниялар Орусиядагы заводдордон бензиндин тоннасын 700 доллардан алып турушса, азыр 800-820 доллардан сатып алууда. Дизелдик отундун чыккан баасы мурдагы айда 600 доллардан болсо, октябрда 700-720 долларга чыкты. Бул Кыргызстанда келерки айдагы бааларга таасир этет.

«Компаниялар азыр Орусияда келишим түзсө, куду ушул өскөн баалар менен түзүлүүдө. Алар алган күйүүчү майлар ошо менен эки аптадан кийин, башкача айтканда ноябрдын баштарында келет. Натыйжада бензин менен дизелдин баалары азыркыга салыштырмалуу 8 сом 90 тыйындан баштап 9-10 сомго чейин көтөрүлөт. Ноябрдын баштарында аз-аздан кошулушу мүмкүн, бирок айдын аягында баа ушул көлөмдө өсөт», — деди ал.

Нефтетрейдерлер ассоциациясы мурдагы божомолунда күйүүчү-майлоочу майлар октябрда 1,-1,5 сомго чейин баа кошорун эскерткен эле. Соңку баалар көрсөткөндөй, бул жоромол туура болуп чыкты. Муну алдын алуу үчүн бул тармактагы ишкерлердин уюму бензинге акциздик салыктын ченин убактылуу төмөндөтүүнү жана дизелдик отунду импорттоону кошумча нарк салыгынан бошотууну Министрлер кабинетинен суранган.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, ушул күндөрү бензиндин А-95 үлгүсү 61,50 сом, А-92 үлгүсү 56,95 сом, А-80 үлгүсү 54,19 сом, дизел отуну 51,66 сомдон сатылууда.

Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясына жалпы он чакты компания мүчө. Алардын ичинде «Газпромнефть-Азия», «Бишкек петролеум», «Роснефть», «Партнёр Нефть» сыяктуу компаниялар негизги импортерлор болуп саналат. Өлкөдө ассоциацияга кирбеген ушул багыттагы дагы бир нече ишкана өз алдынча иш алып барат.

Кыргызстанда күйүүчү майга болгон жылдык керектөө 1 млн. 300 миң тоннадан 1 млн. 500 миң тоннага чейин жетет. Быйылкы эсептер жылдын жыйынтыгында аныкталат.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18