Жазгуль МАСАЛИЕВА
15:57, 21 октября 2021, 24.kg

Садыр Жапаров: тоо-кен тармагынан бюджеттин кирешесин көбөйтүү зарыл

«Азыркы учурда, тоо-кен тармагынан ай сайын мамлекетке 2 млрд сомдон ашык каражаттар төлөнүп жатат. Алдыда бул сумманы бир нече эсе көтөрүшүбүз керек. Ошондо биз пенсия, пособия, айлыктарды да бир кыйла көтөрө алабыз», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 21-октябрда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларынын республикалык кеңешмесинде.

Мамлекет башчысы белгилегендей, жыл сайын тоо-кен тармагынын мамлекетке болгон салымы өсүүдө. 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча бул тармактан республикалык бюджетке 12,9 млрд сом төлөнсө, 2020-жылдын жыйынтыгы боюнча 18,2 млрд сом төлөндү. Азыркы учурда 2021-жылдын 8 айынын жыйынтыгы боюнча бюджетке 12,7 млрд сом төлөндү. Ал «Кумтөр» кенин мисал келтирип, анда ушул жылдын май айында сырткы башкаруу киргизгенин, азыркы учурда «Кумтөр» кенинде кыргыз элинин кызыкчылыгына багытталган иштер жүрүп жатканын белгиледи.

«2009-жылдын 24-апрелинде кол коюлган «Кумтөр» долбоору боюнча жаңы шарттар жөнүндө макулдашууда «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коому геологиялык чалгындоого дүң кирешеден 4 пайыз аз каражат сарптаса, анын айырмасы, болжол менен 15 — 16 млн АКШ доллары болот экен, аны салык катары республикалык бюджетке төлөмөк, бирок төлөгөн эмес. Тышкы башкаруу киргизгенден кийин бул салыктын түрү төлөнө баштады, азыркы учурда 500 млн сом республикалык бюджетке которулду!», — деп белгиледи Президент Садыр Жапаров.

2021-жыл 21-октябрь
Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18