15:36, 20 октября 2021, 24.kg

Чек ара кызматынын бир катар жетекчилери кармалды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) алдындагы Мамлекеттик чек ара кызматынын бир катар жетекчилери жемкорлукка шек саналып кармалды. Бул тууралуу 19-октябрда атайын кызматтын басма сөз катчысы Күмүшбек Шабданов «Азаттыкка» билдирди.

«Алар чек арадан өткөн кишилерди, негизинен өзбек жарандарын опузалап такай акча алып турганы аныкталды», — деди Шабданов.

Колго түшкөндөр — Чек ара кызматынын Башкы штабынын жетекчисинин биринчи орун басары Курсанбек Бекташев, Ош облусу боюнча чек ара кызматынын башчысы Чынарбек Насиев жана «Достук» өткөрмө пунктунун башчысы Аскарбек Эрмекбаев.

Алардын үстүнөн Кылмыш-жаза кодексинин 325-беренесиндеги «Адамдардын тобу тарабынан пара алуу» деген пункт боюнча иликтөө жүрүүдө. Кылмышка шектүүлөр УКМКнын Ош облустук жана Ош шаардык башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Быйыл июлда Өзбекстандын жарандары Кыргызстандын чек арасынан өтүүдө мыйзамсыз текшерүүлөргө, акча талап кылууга кабылып жатканын айтып, президент Садыр Жапаровго кайрылышкан.

Чек ара кызматы муну куру доомат деп атап, сын-пикирлерди четке кагып келген.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18