17:59, 19 октября 2021, 24.kg

COVID-19. Каза болгон медицина кызматкерлерине эстелик тургузулду

Бүгүн, 19-октябрда Бишкек шаарында пандемия учурунда кесиптик милдеттерин аткаруу учурунда каза болгон медицина кызматкерлерине жана медициналык окуу жайлардын студенттерине арналган айкел ачылды. Эстелик Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын башкы корпусунун жанындагы гүл бакчада орнотулган.

Анын ачылыш аземине мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов катышып, Кыргызстандын эли оор мезгилди башынан кечиргенин, коронавирус менен күрөшүүдөгү дарыгерлердин өлчөнгүс эмгеги жана каармандыгын белгиледи. Иш-чарага курман болгон дарыгерлердин туугандары жана кесиптештери, медицина кызматкерлери катышып, эстеликке гүл коюшту. Маркумдарды бир мүнөттүк тыныгуу менен эскеришти.

Photo 232751



Пандемия башталган 2020-жылдын март айынан бери өлкөдө алты миңден ашуун медицина кызматкери коронавирус менен ооруп, анын 123ү каза болгон. Анын ичинде 79 дарыгер жана 44 орто медициналык персоналдын өкүлдөрү бар. Вирус жалпы 3400дөн ашуун медициналык кызматкерге жуккан.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18