17:45, 19 октября 2021, 24.kg

Ашхабадда ун тартыштыгынан улам ондогон наабайкана жабылды

Түркмөнстанда ун жана нан тартыш болуп жаткан маалда Ашхабадда ондогон наабайкана өз ишин токтотууга аргасыз болду. Натыйжада жеке сектордогу жүздөгөн киши жумушсуз калды.

Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, бир апта мурун Ашхабадда 30дан ашуун жеке наабайкана ишин токтоткон.

«Айрым ишканаларда 10дон аял иштеген. Натыйжада наабайканалардын жабылганынан жүздөгөн киши жумушсуз калды», — деп билдирди жабылып жаткан бир ишкананын кызматкери.

Наабайканалардын кызматкерлеринин айтымында, жумушту токтотууга жергиликтүү өндүрүштөн чыккан ундун жоктугу, импорттолгон ундун баасынын кымбаттыгы себеп болду.

Түркмөнстанда акыркы бир нече жылдан бери азык-түлүк тартыштыгы өкүм сүрүүдө.

Бийлик болсо өкмөт жыйындарында жылына 1 миллион 400 миң тонна буудай түшүмү жыйналып жатканын айтып, каатчылык жөнүндөгү маалыматтарды төгүндөп келет.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18