15:25, 15 октября 2021, 24.kg

ДССУ: COVID-19 пандемиясына байланыштуу кургак учуктан өлгөндөр көбөйдү

2020-жылы кургак учуктан өлгөндөрдүн саны 2019-жылга салыштырмалуу көбүрөөк болду. Ошол эле маалда кургак учукка каршы көрсөтүлгөн кызматтардын чыгымы азайды. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) баяндамасында айтылат.

«COVID-19 пандемиясы кургак учукка каршы көп жылдык глобалдык жараянды артка жылдырып, он жылдан ашык убактыттан бери биринчи жолу бул илдеттен өлгөндөрдүн саны кайра көбөйдү», — деп айтылат баяндамада.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун аналитиктеринин пикиринде, негизги көйгөй — кургак учукка каршы иш-чараларга багытталган ресурстардын кыскарышы. Көптөгөн өлкөлөрдө адам жана каржы ресурстары коронавирус менен күрөшүүгө бөлүштүрүлүп, кургак учук илдети көңүл сыртында калган.

ДССУнун маалыматы боюнча 2020-жылы кургак учуктан 1,5 миллион киши өлгөн. Коха таякчасын жуктуруп өлгөндөрдүн саны негизинен 30 өлкөдө, анын ичинде Индия, Индонезия, Филиппин жана Кытайда катталган.

ДССУнун божомолунда илдетти жуктуруу жана адам өлүмү 2022-жылы мындан да көп болушу мүмкүн.

Учурда дүйнө жүзү боюнча 4,1 миллион киши кургак учук менен жабыркайт. Бир жыл аралыгында көрсөткүч 2,9 миллионго көбөйгөн.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18