11:23, 14 октября 2021, 24.kg

Кыргызстан менен Тажикстан дагы 8,5 километр чек арасын чийип чыкты

Кыргызстан менен Тажикстан дагы 8,5 чакырым чек арасын чийип чыкты. Бул тууралуу Жогорку Кеңеште УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.

Анын айтымында, чек ара боюнча өкмөттүк комиссиянын топографиялык топтору иш алып барууну улантууда. Акыркы жолугушуу Исфана шаарында өттү. Анда 8,5 чакырым чек ара тилкеси боюнча макулдашылды.

«Акыркы айларда жалпысынан 90 чакырымга жакын чек ара тилкеси чийилди. Иш активдүү жүрүүдө. Чек ара жабык. Балким ушул да таасир берип жаткандыр», — деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын жалпы узундугу — 970 чакырым. Анын 519 чакырымы, көбүнчө тоолуу аймактары бир нече жыл мурда чийилип бүткөн.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18