10:54, 13 октября 2021, 24.kg

Бишкектин айрым райондорунда таза суу өчүрүлөт

«Бишкексууканал» башкармалыгынын маалыматы боюнча, 14-октябрда саат 9:00дөн 21:00гө чейин борбор калаанын айрым райондорунда ичүүчү суу болбойт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Бул «Батыш-2» суу алгычындагы жана шаардык суу түтүктөрүндөгү оңдоо жана техникалык тейлөө иштерине байланыштуу.

Үйлөрдө, мектептерде, бала бакчаларда, саламаттыкты сактоо мекемелеринде жана башка социалдык жана өндүрүштүк объектилерде суу өчүрүлөт.

Ала-Арча суусу — темир жол линиясы — Жибек Жолу проспектиси — Жаш Гвардия бульвары жана — Жаш Гвардия — темир жол линиясы — Фрунзе — Манас көчөлөрү чектешкен аймакта суу токтотулат.

Борбор калаанын мэриясы келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайт жана калкты жана уюмдарды ичүүчү сууну камдап алууну суранат.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18