16:59, 12 октября 2021, 24.kg

Көмүр баасына 90 күндүк мамлекеттик жөнгө салуу киргизилди

Көмүрдүн баасын убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилди. Тийиштүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койгон.

Аталган чечим көмүрдүн баасынын өсүү темпин кармап туруу, 2021/2022-жылдагы күз-кыш мезгилинен өтүүдө калкты көмүр менен өз убагында туруктуу камсыз кылуу максатында кабыл алынган.

Көмүрдүн баасын убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу максималдуу бааны белгилөө менен 90 календардык күндүк мөөнөткө киргизилди.

Экономика жана финансы министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигине социалдык жактан маанилүү товарларга бааларды мамлекеттик жөнгө салуу тартибине ылайык мамлекеттик жөнгө салуу жана контролдоо боюнча чараларды көрүүсү тапшырылды.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18