11:21, 12 октября 2021, 24.kg

COVID-19 боюнча дүйнөлүк рейтингде Кыргызстан 93 орунда турат

COVID-19 боюнча дүйнөлүк рейтингде Кыргызстан 93 орунда турат. Бул боюнча брифингде «Профилактическая медицина» илимий-өндүрүштүк бирикмесинин директору Омор Касымов билдирди.

Ал жалпысынан вирус жуктургандардын саны 180 миңге жетип, 2 миң 620 адам каза болгонун белгиледи.

«Дүйнө жүзүндө 2,8 млрд (35,3%) адам эмдөөдөн өткөн, эмдөөнүн пайызы 40тан ашык мамлекеттерде 60-74% га жетсе, КМШ өлкөлөрүндө 30% ды түздү. 2019-жылдын аягында пайда болгон коронавирус инфекция мутация болуп жатканына байланыштуу, аны алдын ала божомолдоо үчүн маалыматтар жетишсиз болуп эсептелет. Күз-кыш мезгилинде вирус жуктуруп алуу тобокелдиктери күчөп баштайт. Андыктан, алдын алуу чараларын сакташыбыз керек: беткап тагынып, колду жууп же антисептик колдонуп, социалдык аралыкты сактоо да зарыл », - деп кошумчалады Омор Касымов.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18