09:16, 12 октября 2021, 24.kg

Кыргызстан «Мегаком» иши боюнча эл аралык арбитраждык сотто утту

Кыргыз өкмөтүнүн Соттук өкүлчүлүк борбору кабарлагандай, Кыргызстан 8-октябрда Penwell Business Limited компаниясынын Кыргызстанга каршы эл аралык арбитраждык сотко берген доосунда утуп чыкты.

Доогер талап кылган 298 миллион доллар өлчөмүндөгү кенемтени сот толугу менен канааттандырган жок.

Буга кошумча, арбитраждык соттук кеңеш доогер Кыргызстанга инвестиция алып барууда жергиликтүү өнөктөштөрүнүн жардамы менен бир нече ирет коррупциялык иш-аракеттерге барганын аныктады.

Penwell Business Limited компаниясы 2017-жылдын июль айында Кыргызстанды эл аралык арбитраждык сотко берип, өлкө «БиМоКом» (MegaCom) компаниясынын инвестицияларын ээлеп алган деп даттанган.

Өкмөттүн соттук өкүлчүлүк борбору Кыргызстандын көз карандысыздыгынын 30 жылдык тарыхында эл аралык арбитраждык сот чет элдик инвестордун талабын толук четке каккан алгачкы учур болгонун билдирди.

Кыргыз өкмөтүнүн эл аралык деңгээлдеги соттук ишине Willkie Farr & Gallagher LLP юридикалык фирмасы тартылган.

MegaCom иши боюнча 2017-жылы Кыргызстанда бир катар саясатчылар, анын ичинде «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев, Алмамбет Шыкмаматов, мурдагы башкы прокурор Аида Салянова ж.б. камалып, коррупциялык иштерге айыпталган, кийин айрымдары толук акталып чыккан.

MegaCom уюлдук байланыш түйүнү 2006-жылдын 28-апрелинде коммерциялык түрдө ишке кирген.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18