19:19, 11 октября 2021, 24.kg

Кыргызстан Дубайде өтүп жаткан «Экспо−2020» көргөзмөсүнө катышууда

Кыргызстан Дубай шаарында (Бириккен Араб Эмираты). өтүп жаткан Бүткүл дүйнөлүк «Экспо — 2020» көргөзмөсүнө катышууда.

Иш-чара 30-сентябрда башталган, анда 180 ашуун өлкөнүн өкүлдөрү жана эл аралык уюмдар катышууда. Көргөзмө «Акыл-эсти бириктирүү аркылуу жаркын келечек курабыз» чакырыгы астында өтүүдө.

Болжолдонгондой, Кыргыз Республикасынын павильону 6 ай бою көчмөн жашоо үлгүсүнө негизделген кыргыз элинин маданиятын, салт-санасын тартуулаган экспозицияны сунуштамакчы. Көрүүчүлөр үчүн виртуалдык турга чыгууга да мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Мындан тышкары, экспозиция видео жана маалыматтык материалдарды көрсөтүү аркылуу туризмди жана анын бардык түрлөрүн өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн тартуулайт. Ошондой эле стендде кургакчыл аймактарды сугат менен камсыздоо боюнча ата мекендик компаниялардын инновациялык чечимдери жана алардын продукциялары сунушталат.

2021-жылдын 14-декабрында маданий жана ишкердик программалар камтылган Кыргыз Республикасынын Улуттук күнү өткөрүлөт. Ишкер программанын алкагында кыргыз-араб бизнес форуму, кыргыз экспорттук продукцияларынын көргөзмөсү жана туристтик форум өтөт.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18