11:14, 11 октября 2021, 24.kg

Кыргызстанда 13 миң индиялык студент билим алууда

Кыргызстандын жогорку окуу жайларында 13 миңден ашуун индиялык студент билим алууда. Бул тууралуу Кыргызстандын Индиядагы элчиси Асеин Исаев билдирди.

Анын айтымында, окуу жайларды аяктаган индиялык студенттер өзүнүн өлкөсүндөгү алдыңкы компанияларда иштеп жатат.

«Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун негизги тармагы — билим берүү. Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына таянсак, 2020-2021-окуу жылында өлкөдө 13 миңден ашуун индиялык студенттер жогорку окуу жайларда окуп жатат», — дейт ал.

Исаев кыргызстандык студенттердин Индиянын окуу жайларына тапшыруусу жеңилдегендигин белгиледи.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18