09:39, 11 октября 2021, 24.kg

Өзбек акыйкатчысы түрмөдө Гүлнара Каримова менен жолугуп чыкты

Өзбекстандын Олий Мажлисинин адам укуктары боюнча өкүлү (акыйкатчы) Феруза Эшматова Зангиата районундагы № 21 аялдар колониясында мурдагы президенттин кызы Гүлнара Каримова менен жолукканын билдирди.

"Мен аны менен жолуктум. Баары жакшы. Бизде дагы мониторинг болот. Ошондон кийин кайра барабыз«,- деди Феруза Эшматова.

Акыйкатчынын билдирүүсү Гүлнара Каримованын кызы Имандын апасы менен жолуктурбай жатканы жөнүндө жазган катынан кийин жарыяланды.

Быйыл июлда Иман ал жана адвокаттары апасы менен кезиге албай жатканын айткан.

Журналисттер менен жолугушууда Феруза Эшматова тараптар карантиндик чектөөлөргө байланыштуу жолугуша албай жаткан болушу ыктымал экенин божомолдоду.

Буга чейин Гүлнара Каримованын адвокаты Фанни Маргайраз 2019-жылдан бери биринчи жолу кардарына быйыл 7-8-сентябрда жолукканын кабарлаган.

«Бул жолу биз өзбек адвокатынын жана котормочунун катышуусунда гана жолуга алдык. Анын колунда көгала тактар бар экен», — деген Маргайраз.

Акыйкатчы журналисттердин Гүлнара Каримованын абалы жакшыбы деген суроолоруна кыскача гана «Ооба» деп жооп берди.

Гүлнара Каримова Ташкент облусундагы түрмөдө отурат. Ага «Опузалап мүлктү менчиктеп алуу», «Ыксыз сарптоо», «Кылмыш жолу менен табылган кирешелерди адалдоо» беренелери менен айыптар коюлган. Каримова 2020-жылдын 18-мартында 13 жыл төрт айга эркинен ажыратылган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18