09:55, 08 октября 2021, 24.kg

«Талибан» Тажикстан менен мамилесин оңдоого даяр экенин билдирди

Ооганстандагы «Талибан» өкмөтүнүн өкүлү Рухулла Умар 6-октябрда жергиликтүү «Толо ТВ» телеканалына маек берип, Тажикстанды «жакшы коңшу» деп атады. Бул тууралуу «Азаттыктын» тажик кызматы («Озоди» радиосу) кабарлады.

«Тышкы иштер министрлиги баардык мамлекеттер менен байланыш түздү. Биз алар менен жакшы мамиле курганга аракет кылабыз. Буюрса, Тажикстан бийлиги менен да бардык суроолор боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөбүз», — деген Рухулла Умар.

Буга чейин Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон телефон аркылуу Пакистандын өкмөт башчысы Имран Хан менен сүйлөшкөнү маалым болгон. Анда Рахмон ар кайсы күчтөрдүн кеңири диалогу Ооганстандагы туруктуулук жана тынчтыкты орнотуудагы маанилүүү фактор экенин баса белгилеген.

Ал арада «Озоди» радиосу айрым булактарга таянып, тажик-ооган чек арасындагы Дарваз тилексиндеги бекет жана көпүрө ачылганын жазды. Ички булактардын маалыматына ылайык, Рузвай-Нусай көпүрөсү Дарваз аймагында «Ансоруллах» тобунун согушкерлери пайда болгондо жабылган. Аталган топтун ишмердигине Тажикстанда жана Кыргызстанда тыюу салынган.

Чек аранын калган бөлүктөрү жабык. Буга чейин расмий Дүйшөмбү талибдерди бир нече ирет өлкөдөгү бардык этностук топтордун мүчөлөрү кошулган инклюзивдүү өкмөт түзүүгө чакырган. Өз кезегинде талибдер Тажикстанга Ооганстандын ички ишине кийлигишпөөнү эскертишкен.

Тажикстан менен чектеш Бадахшан жана Тахар провинцияларына миңдеген жоочуларын «ыктымал коркунучтарга» каршы жайгаштырганын билдирген. Ал эми Дүйшөмбү Ооганстан менен чектеш аймактарга 20 миңдей аскерин жайгаштырууну пландап жатканын жарыялаган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18