17:30, 07 октября 2021, 24.kg

Бишкекте айрым каттамдагы маршруттардын саны көбөйтүлөт

Бишкекте кээ бир кичи автобустардын каттамдары пландалган чыгуудан көбөйтүлдү.

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, күндүн кескин суукташына жана жүргүнчүлөрдүн санынын көбөйүшүнө байланыштуу, шаардык транспорт башкармалыгы каттамдарды узартууну жана мүмкүн болушунча кыймылдуу курамдын санын көбөйтүүнү чечти.

"Күн сайын шаардыктар коомдук транспорттун аралыгынын узактыгына жана кичи автобустардын токтобогондугуна арызданып келишет. Борбор шаардын транспорт ишканаларынын жетекчилерине маршруттук каттамдардын бирдиктерин көбөйтүү же автобустардын каттамдарын узартуу боюнча сунуш киргизүү тапшырылды", - деп айтылат билдирүүдө.

Мэриянын маалыматына таянсак, бир нече ташуучу компаниялар пландаштырылган чыгууну көбөйттү. №120, 195, 200 жана 106 маршруттар боюнча транспорттун саны көбөйтүлдү.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18