10:12, 07 октября 2021, 24.kg

Орусиянын аскерлери тажик-ооган чек арасындагы машыгууга келди

Орусиянын Тажикстанда жайгашкан 201-аскер базасынын аскерлери Ооганстан менен чектешкен тилкелерде өтчү аскердик машыгууларга катышуу үчүн жөнөп кетти. Бул аскердик машыгууга 2700 жөө аскер менен офицер катышып, аскердик техника тартылганы кабарланды.

Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна кирген мамлекеттердин кезектеги аскердик машыгуусу жакынкы күндөрү ушул аймакта өтөрү күтүлүүдө. Бул тууралуу Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн борбордук округунун басма сөз кызматы маалымат таратты.

Орусиялык 201-базанын аскерлери Дүйшөмбү шаарындагы жана Бохтардагы туруктуу бөлүктөрүнөн чыгып, Ооганстан менен чектешкен «Харб-Майдон» жана «Момирак» аскердик полигондоруна жеткирилген.

ЖККУнун биргелешкен аскер күчтөрү 10-октябрдан 23-октябрга чейин Ооганстан менен чектешкен тилкелерде жалпысынан үч аскердик машыгуу өткөрөт. Бул тууралуу ЖККУга кирген мамлекеттердин башчыларынын 16-сентябрда болуп өткөн жолугушуусунда макулдашылган.

Ооганстанда «Талибан» (Кыргызстанда тыюу салынган) кыймылы бийликке келгенден кийин ЖККУга мүчө мамлекеттерде тынчсыздануу жараткан.

Буга чейин «Харб-Майдон» полигонунда Орусиянын, Тажикстандын жана Өзбекстандын аскер күчтөрү биргелешкен машыгуу өткөргөн.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18