09:22, 07 октября 2021, 24.kg

«Кыргызстан улуттук электр тармактары» жарандарды жарыкты үнөмдөөгө үндөдү

«Кыргызстан улуттук электр тармактары» 6-октябрда республика боюнча электр кубатын пайдалануу көбөйгөнүн билдирип, жарандарды жарыкты үнөмдөөгө чакырды.

Компаниянын басма сөз кызматы кабарлагандай, 5-октябрда өлкөдө электр кубатын пайдалануу суткасына 40 млн кВт/саатты түзгөн. Өкмөт бекиткен лимит — болжол менен 32,5 млн кВт/саат. Сентябрда 890 млн 374 миң кВт/саат электр кубаты пайдаланылган. Бул 2020-жылдын ушул мезгилине караганда 34 млн 351 миң кВт/саатка көп.

Буга байланыштуу жана Токтогул суу сактагычындагы суунун аздыгынан улам «Кыргызстан улуттук электр тармактары» жарандарды электр кубатын үнөмдүү пайдаланууга үндөдү.

3-октябрга карата Токтогул суу сактагычында 12,3 млрд. кубометр суу топтолду. Өткөн жылы (2020-жыл) 1-октябрга карата өлкөнүн негизги суу сактагычында 15,2 млрд. куб суу топтолгон.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18