17:21, 06 октября 2021, 24.kg

Турак-жайларга жылуулук берүү бир нече күнгө созулат

Бишкек шаарынын мэриясынын 2021-жылдын 4-октябрындагы буйругуна ылайык, борбордо жылытуу мезгили 5-октябрга караган түнү башталган.

Гидрометеорологиялык борбордун маалыматы боюнча, 3-октябрдан кийинки мезгилде абанын температурасынын төмөндөшү байкалууда, ал акыркы күндөрдө +8 ℃ дан төмөн эмес. Жылытуу мезгилинин башталышы абанын орточо температурасы 5 күн катары менен +8 ℃ дан төмөндөгөндө аныкталат.

«Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасы буга чейин медициналык мекемелерди, бала бакчаларды жана мектептерди жылытуу системасына кошууну жыйынтыктады. Жылуулук 620 үйдөн 515 турак үйгө, 8 жогорку окуу жайдын 5не берилди. «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасынын бардык абоненттери 7-октябрдын кечине чейин жылуулук менен камсыз болушат.

«Бишкекжылуулуктармагы» ААКтан маалыматы боюнча, 6-октябрда 1 миң 348 турак жай, 38 медициналык мекеме, 57 мектепке чейинки мекемелер борбордук жылытуу системасына кошулган. Жалпысынан, компаниянын абоненттеринин 67пайызы борбордук жылытуу системасына кошулду.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18