17:12, 06 октября 2021, 24.kg

Бишкекте 700 бак-дарак электрондук инвентаризациядан өттү

Шаардыктар муниципалитетке жашыл өсүмдүктөрдү каттоого жардам беришет. Эки жуманын ичинде ыктыярчылардын биринчи нөөмөтү маалымат базасына 700гө жакын дарактарды киргизди. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирет.

378 бак-дарак «Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасынын балансында турган «жашыл өсүмдүктөр».

Ыктыярчылардын жардамы жана күжүрмөн эмгеги үчүн бүгүн ишкананын башкы агроному Жумалиев Ж.Б ыраазычылык билдирип, ыраазычылык каттарын тапшырды.

Эске салсак, Эмен паркында биринчи жолу электрондук инвентаризация жүргүзүлө баштаган, алгачкы жүз эмен дарагы саналып бүткөн. Бүт процессти «Арча» коомдук фондунун координатору жана ишкананын башкы агроному көзөмөлдөшкөн.

Эми 700 жашыл дарактын саны, жайгашкан жери, түрлөрү, сугаты жана абалы жөнүндө маалыматтар киргизилген «медициналык карталары» бар. Бул программанын алкагында ишкананын кызматкерлери аларды багуу жана дарылоо үчүн керектүү болгон каражатты алдын ала эсептей алышат.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18