10:15, 06 октября 2021, 24.kg

COVID-19. Бир суткада 80 кишиден вирус аныкталып, 2 бейтап каза болду

Кыргызстанда 6-октябрга карата коронавирус дагы 80 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында — 40, Чүй облусунда — 22, Ош облусунда — 1, Талас облусунда — 2, Нарын облусунда — 1, Ысык-Көл облусунда — 8, Жалал-Абад облусунда — 5, Баткен облусунда — 1 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 90 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында — 40, Чүй облусунда — 31, Ош облусунда — 2, Талас облусунда — 2, Нарын облусунда — 1, Ысык-Көл облусунда — 14 бейтап айыгып чыкты», — деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде Бишкекте эки бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 451 бейтап, амбулатордук түрдө 684 адам дарыланууда.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 1 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 6 миң 843 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 6 миң 680 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 178 миң 932 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 173 миң 712 киши айыгып чыкса, 2 миң 612 адам каза болду.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18