09:36, 06 октября 2021, 24.kg

Айсулуу Тыныбекова экинчи жолу дүйнө чемпиону болду

Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова Норвегиянын Осло шаарында өтүп жаткан кыз-келиндер күрөшү боюнча Дүйнө чемпионатында алтын медал тагынды. Бул жетишкендиги менен ал Эгемен Кыргызстандын тарыхында күрөш боюнча Дүйнө чемпионатынын финалында эки жолу күрөшүп, эки жолу тең жеңишке жеткен алгачкы спортчу болуп калды.

Биргелешкен күрөш дүйнөсү уюмунун расмий сайтындагы маалыматка таянсак, Тыныбекова 6-октябрга караган түнү 62 килограмм салмакта финалда америкалык Кайла Колиин Кийоко Мираклды 7:0 эсебинде жеңип алды. 25 жаштагы Кайла Колиин Кийоко Панамериканын чемпиону. 23 жашка чейинкилер арасында Дүйнө чемпионатынын күмүш байгесинин ээси (2019-ж.).

Бул Дүйнө чемпионатында Тыныбекова жалпы төрт беттеш өткөрдү. Ал буга чейин жарым чейрек финалда жапониялык Нонока Озакини 6:4 эсебинде, чейрек финалда белорусиялык Вераника Иванованы 6:6 эсебинде жеңип алган. Жарым финалда украиналык Илона Прокопевнюк менен күрөшүп, 5:2 эсебинде уткан эле.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18