14:03, 05 октября 2021, 24.kg

«Баткенди өнүктүрүү — өлкөнү өнүктүрүү» форуму өтөт

Ушул жылдын 14-октябрында Баткен шаарында «Баткенди өнүктүрүү — өлкөнү өнүктүрүү» аттуу форум өтөт. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Форумга өкмөт башчы Улукбек Марипов, мамлекеттик органдардын жетекчилери, эл аралык уюмдардын, дипломатиялык корпустардын, финансылык институттардын өкүлдөрү, бизнес-омбудсмен, атамекендик ишкерлер катышат.

Маалыматка караганда, иш-чара аймактын экономикалык потенциалын кеңейтүү жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүү, жергиликтүү тургундардын жашоо сапатын жогорулатуу максатында өтөт.


Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18