09:37, 05 октября 2021, 24.kg

Оштон Бишкекке жөө чыккандар Жалал-Абадга жетти

Оштун Кара-Суу районундагы Дыйкан-Кыштак айылынын тургундары мамлекеттик органдардын алардын үйүн бузуу боюнча чыгарган чечимине каршы болуп, Оштон Бишкекти көздөй жөө келе жатышат.

Нааразы болгондордун бири Кыял Арстанов Оштон 1-октябрда чыгып, учурда Жалал-Абаддын Сузак районуна жеткенин билдирди.

Ал мамлекет тарабынан жер тилкесин албаганын, азыр жашап жаткан үйүн кыйынчылык менен салганын, бала-чакасын эптеп багып жатканын айтат.

«Жогорку жакка үнүбүз жетпей жатат. Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевге кайрылып келебиз. Эгер ошол жактан дагы «мыйзамсыз» деп табылса, сот аткаруучуларга «өз ыктыярыбыз менен бузуп чыгып кетебиз» деп кагаз жазып бердик», — деди Арстанов.

Арстанов менен чогуу үйүн буздурбоону суранып 12 үй-бүлөнүн мүчөлөрү да жөнөгөн. Алардын кээ бири жолдон кайтып, учурда беш киши Бишкекке келе жатат.

Дыйкан-Кыштак менен Коргон айылдары документ боюнча Кара-Суу районуна караганы менен Ош шаарынын батыш тарабы менен чектешип, дээрлик шаардын ичинде жайгашкан. Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн жетекчиси Зулпукар Мазаевдин айтымында, талаштуу аймак айыл-чарба багытындагы сугат жер, ал жерге курулуш иштерин жүргүзүүгө мыйзам жол бербейт. 28-сентябрда сот аткаруучулар талаштуу аймакта курулган үйлөрдү сүздүрүп баштаган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18