17:34, 04 октября 2021, 24.kg

Түнү шаардын сейилдөө бактарында электр жарыгы өчүрүлбөйт

Улуттук энергохолдинг тарабынан түнкү убакта Бишкектин тышкы жарыктандыруусуна чектөө койбоо боюнча чечим кабыл алынды Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын август айында Токтогул суу сактагычында суу ресурстарынын топтолушунун учурдагы абалы, ошондой эле электр энергиясын үнөмдүү жана сарамжалдуу пайдалануу зарылдыгы тууралуу калкка жана үй чарбалык эмес абоненттерге түшүндүрүү иштери башталган.

Энергетикалык компаниялар тарабынан уруксат берилген кубаттуулуктун колдонулушун сактоо үчүн керектөөчүлөрдү инвентаризациялоо жүргүзүлүүдө, дебитордук карызы бар керектөөчүлөр өчүрүлөт. Бирок, бүгүнкү күнгө чейин көрүлгөн чаралар жетишсиз. Белгиленген сметадан ашык керектөө өсүүнү улантууда.

Ушуга байланыштуу Улуттук энергохолдинг керектөөчүлөрдү электр энергиясын колдонууга этият мамиле кылууга, күз-кыш мезгилинде электр энергиясынын тартыштыгын болтурбоо үчүн жылуулук менен камсыз кылуунун альтернативдүү булактарын (газ, көмүр) колдонууга чакырат.

«Учурда өлкө боюнча электр энергиясын үнөмдөп колдонуу керектиги боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Ошентип, 26-сентябрдан баштап орточо суткалык үнөмдөө күнүнө 400-500 миң кВт саатты түзүдө», — деп айтылат маалыматта.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18