11:28, 04 октября 2021, 24.kg

COVID-19. Октябрь айында Pfizer, Sinopharm жана AstraZeneca вакцинасы келет

Бүгүнкү күндө вакцина жетиштүү. Бул жөнүндө брифингдин жүрүшүндө Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гулбара Ишенапысова айтып өттү.

Анын айтымында, Pfizer 259 миң, Sinopharm 110 миң, AstraZeneca 50 миң данаа вакцина келген.

«Вакциналар баарына жеткиликтүү жана бекер болуп саналат. Июлда массалык эмдөө башталгандан бери ачылган бардык эмдөө борборлорунда жүргүзүлөт. Бүгүнкү күндө республиканын бардык аймактарында 1000ден ашык эмдөө пункттары иштеп жатат», — деп белгиледи Гулбара Ишенапысова.

Октябрь айында дагы Pfizer, Sinopharm жана AstraZeneca вакциналары келери күтүлүп жатат.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18