09:15, 04 октября 2021, 24.kg

Тажик активисттери ооган качкындарына жардам берди

Тажик активисттери ооганстандык качкындардын 170 үй-бүлөсүнө жардам берди. Алардын айтымында, талибдер Кабулду ээлеп алгандан кийин Тажикстанга качып келүүгө аргасыз болгон ооганстандыктарга жардам топтоо ишин уюштурууга жергиликтүү «Пешрафт» коомдук уюму менен Ага Хан фондунун медициналык кызматы көмөктөштү.

Буга чейин жергиликтүү активист Ниёза Айни «Фейсбук» социалдык түйүнүндөгү баракчасына жарандарды ооган качкындарына жардам берүүгө чакырган билдирүү жазган.

«Алгач мен бир же эки үй-бүлөгө жардам бере алабыз деп ойлогом. Бирок бул жөнүндө интернетке жазганымда көптөгөн адамдар жардам берүүгө даяр экендигин билдиришти. Алар мага телефон чалып, бул маселени качан жана кайсыл жерден талкууласак болот деп сурап жатышты. Кайрылгандар көп болгондуктан ооган качкындарына жардам берүү үчүн акча топтоо өнөктүгүн жарыяладык», — деди Айни.

«Пешрафт» коомдук уюмунун маалыматына караганда, качкындардын үй-бүлөлөрүнө азык-түлүк, дары-дармек жана балдарына окуу куралдары жеткирилип берилди.

Айни алардын жардамы качкындар үчүн маанилүү экенин белгилеп, мындан ары да бул ишти уланта тургандыктарын кошумчалады.

Тажикстандагы ооган качкындарынын так саны белгисиз. Бирок айрым маалыматтарда алардын саны 5 миңден ашык деп бааланууда. Качкындардын көбү чатырларда баш калкаласа, айрымдары ижарага алынган батирлерде жана үйлөрдө жашайт.

Бүгүнкү күндө да Тажикстандын аймагына кирүүгө уруксат алууну каалаган көптөгөн ооганстандык качкын ооган-тажик чек арасына жакын жерде топтолуп турат.

 

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18