14:01, 01 октября 2021, 24.kg

Стамбулдан учуп келген алгачкы учакты Ошто шаан-шөкөт менен тосуп алышты

«Ош» эл аралык аэропорту 2021-жылдын 1-октябрында Стамбул шаарынан 8 жылдан бери уча элек авиакаттамды салтанаттуу түрдө тосуп алды. Бул тууралуу «Манас» аэропортунун басма сөз кызматы билдирет.

Салтка айлангандай, «Пегасус» авиакомпаниясынын Боинг 737 учагын суу аркасы менен тосуп алышты.

Иш-чарага президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов, «Манас» эл аралык аэропорту" ААКнын башкы директорунун инфраструктура жана аймактык өнүктүрүү иштери боюнча орун басары Абдималик Бусурманкулов, башкы директордун экономика, финансы жана социалдык өнүктүрүү иштери боюнча орун басары Рысбек Оморов, ташуу компанияларынын өкүлдөрү, «МЭА» ААКнын кызматкерлери жана башкалар катышты.

«Стамбул-Ош-Стамбул» багыты боюнча каттам жандандырылып, бүгүнкү күндү тарыхый күн деп айтууга болот. Аталган багыт боюнча каттамдар 8 жылдан бери аткарылган эмес. Бул өлкөбүздүн экономикалык потенциалын жогорулатат«, — деп билдирди «Манас» эл аралык аэропорту" ААКнын башкы директорунун инфраструктура жана аймактык өнүктүрүү иштери боюнча орун басары Абдималик Бусурманкулов.

Буга карай, «Пегасус» авиакомпаниясынын өкүлү Юсуф Эрман бул каттамды ачуу үчүн 2 жылдай убакыт талап кылынгандыгын белгилеп өттү.

«Мындан тышкары, бул каттамдын ачылышы Кыргызстандын жалпы түштүк аймагына жана Ош шаарына чоң жарнама боло тургандыгын белгей кетүүгө болот», — деп билдирди ал.

Стамбул-Ош-Стамбул багыты боюнча каттам үзгүлтүксүз жумасына 3 жолу аткарылат.

Стамбулдан Ош шаарына 130 жүргүнчү учуп келип, артка Стамбулга 155 жүргүнчү учуп кетти

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18