09:45, 01 октября 2021, 24.kg

COVID-19. Бир суткада 76 кишиден вирус аныкталып, каза болгондор катталган жок

Кыргызстанда 1-октябрга карата коронавирус дагы 76 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында — 42, Ош шаарында - 1, Чүй облусунда — 20, Талас облусунда — 2, Ысык-Көл облусунда — 8, Жалал-Абад облусунда — 3 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 99 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында — 41, Чүй облусунда — 26, Ош облусунда — 3, Талас облусунда — 3, Нарын облусунда — 7, Ысык-Көл облусунда — 17, Жалал-Абад облусунда — 2 бейтап айыгып чыкты», — деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде каза болгондор катталган жок.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 436 бейтап, амбулатордук түрдө 799 адам дарыланууда.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 4 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 6 миң 833 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 6 миң 660 медкызматкер айыгып чыкты.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 178 миң 608 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 173 миң 305 киши айыгып чыкса, 2 миң 607 адам каза болду.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18