18:45, 30 сентября 2021, 24.kg

Жарандык активист Тилекмат Куренов түзөтүү колониясына которулду

Жарандык активист Тилекмат Кудайберген уулу (Куренов) № 1 тергөө абагынан № 27 түзөтүү колониясына которулду. Бул тууралуу анын тарапташы Эрлан Бекчороев билдирди.

Бишкектин Свердлов райондук соту 20-августта Тилекмат Кудайберген уулун күнөөлүү деп таап, 1,5 жылга абакка кескен. Сот аны Жазык кодексинин 310-беренесинин (Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар) 2-бөлүмүнүн 1-пункту, 192-беренесинин (Шайлоочуларды сатып алуу) 2-бөлүмү менен күнөөлүү деп тапкан. Сот залынан камакка алынган активист өзүнө тагылган айыпты моюнуна албай турганын билдирген.

Тилекмат Кудайберген уулу «Фейсбуктагы» баракчасындагы билдирүүсүндө «бийликти кулатууга чакырыктар бар» деген негиз менен 15-мартта Бишкектеги № 1 тергөө абагына камакка алынган. 26-апрелде Бишкек шаардык сотунун чечими менен үй камагына чыгарылган.

Views
0
Views
Views
Views
Происшествия
Жизнь за рубежом. Истории кыргызстанцев
Власть
Атака на Иран
Экономика

КОНТАКТЫ

СОЦСЕТИ

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© ИА «24.kg» - Новости Кыргызстана. Все права защищены. Вся информация, размещенная на данном веб-сайте, предназначена только для персонального использования и не подлежит распространению без письменного разрешения ИА «24.kg». Редакция не несет ответственности за содержимое перепечатанных материалов и высказывания отдельных лиц. +18